Таласта перинаталдык борбордун курулушуна капсула салынды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 4-октябрда Талас облустук биргелешкен ооруканасынын базасындагы перинаталдык борбордун курулушуна капсула салуу аземи болду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, салтанаттуу иш-чарага саламаттык сактоо министри, президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү, Талас облустук биргелешкен ооруканасынын жетекчилиги, кызматкерлери жана башкалар катышты.

Аталган долбоор энелер жана ымыркайлар үчүн медициналык жардамды модернизациялоо максатында «Эне жана баланын ден соолугун коргоо» программасынын IX фазасынын алкагында Германия ѳкмѳтүнүн жана Германия ѳнүктүрүү банкынын каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.

Эки кабаттан турган 63 керебеттүү перинаталдык борбордо кабыл алуу бѳлүмү, тѳрѳт бѳлүмү, операциялык бөлүм, реанимация жана интенсивдүү дарылоо бѳлүмдѳрү камтылат. Курулуш иши 2026-жылы аяктайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️