Таласта онкологиялык оорулардын алдын алуучу мөмө 50 сомдон сатылып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас шаарында малина, кара өрүк, кулпунай жана бүлдүркөндөр сатылып жатат.

Сатуучу Асел Биримкулованын айтымында, 2022-жылы кара өрүк көп болуп, аябай арзан болгон. Азыр малинанын 1 кг 110 сом, кара өрүктүн 1 кг 50 сомдон, бүлдүркөндүн 1 кг 180 сом, кулпунайдын 1 кг 120 сомдон болуп жатат.

«Былтыр кара өрүк көп болгондуктан 10 сомдон 15 сомдон сатылган учур болгон. «10 сом үчүн тербейм» деп таштап койгон багбандар болду эле. Быйыл кара өрүк аз. Ошондуктан баасы кымбат болуп жатат, 1 кг 50 сом. Ал эми учурда эң эле кымбат мөмө жапайы бүлдүркөн болуп жатат. Ал токойдун арасынан терилгендиктен кымбат. 1 кг 180 сом», — деди ал.

Быйыл Чүй облусундагы фермерлер кара өрүктөн мол түшүм алганы кабарланган.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, жашоочулар арасында кургатылган кара өрүккө суроо-талап көп. Базарларда анын 1 килограммы 25 сомдон 50 сомго чейин сатылып жатат.

    Пример HTML-страницы
  • Биолог адис Ирина Стежконун айтымында, кургатылган кара өрүк онкологиялык оорулардын алдын алып, организмди бекемдеп жана иммунитетти көтөрөт. Кара өрүк бактерияларга каршы касиетке да ээ.

——————————

Turmush басылмасы 2022-жылдын 5-сентябрында Бакай-Ата районунда кара өрүктүн баасы 10 сомго түшкөнүн жазган.

«Бизде жыл бою ишенген кирешебиз кара өрүк. Башында катуу кезинде 23 сомго чейин сатканбыз. Азыр бардыгы массалык түрдө бышып жаткан кезде анын баасы 10 сом болуп жатат. Бул быйыл киреше жок дегенди билдирет. Анткени тергенге өзүнчө адам керек. Ал 5 сомдон терем деп келсе, бизге 5 сом гана түшүп жатат», — деген дыйкандар.

——————————

2023-жылы сентябрь айында Талас шаарындагы кара өрүк, малина, кулпунайдын баасы такталган. Күз айларында Талас шаарындагы А.Оторбаев көчөсүндө таңкы базар башталат. Ал жерге дыйкандар саат 06:00дөн тарта өздөрү өстүргөн түшүмдү сатууга келишет. Сатуучулар базарга малина, кулпунай, бүлдүркөн, помидор жана кара өрүк көп алынып келип жатканын айтышкан.

«Бул жерге эртең менен келип, күн сайын дыйкандар алып келген түшүмдөрдү сатып алабыз да, күндүз кечке сатабыз. Үстүнөн бир аз тыйын көрөбүз деп кечке ушул жерде болобуз. Бул дагы убактылуу жумуш. Алган мөмө-жемишиң чирип кетсе, кайра чыгымга учурайсың.

Учурда бизди кара өрүктүн баасы таң калдырып жатат. Быйыл Таласта үшүк эрте жүрүп, алча, кара өрүктүн түшүмү мол болбой калды. Ошондуктан аз болуп, кара өрүктүн 1 килограммын 110 сомдон алып, өзүбүз 115-120 сомдон сатып жатабыз. Былтыр бул маалда кара өрүк 20 сомдон болчу», — деди соодагерлер.

Ал эми бүлдүркөн менен малинанын 1 килограммы 270-280 сомго бааланса, кулпунайдын 1 килограммы 400 сомдон өйдө сатылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️