Таласта окуучулары аз 2 мектеп башка мектептерге бириктирилди

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас облусунда 2 мектеп оптимизация болду. Бул тууралуу облустук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Салтанат Бейшенова билдирди.

«Манас жана Бакай-Ата райондорундагы 2 мектепте окуучулардын саны аз болгондуктан Билим берүү жана илим министрлигинен берилген тапшырмага ылайык оптимизациялоо иштери жүрүп жатат. Азыркы учурда мектептин юридикалык аталыштарын өзгөртүп каттоо иштери жүрүүдө.

Бакай-Ата районунун Үрмарал айылындагы Токтогон Мүсүралиев атындагы толук эмес орто мектебинин 125 окуучусу Маданият айылында жайгашкан Молдогазы атындагы орто мектебине кошулуп жатат.

Манас районунда Б.Миршакиров башталгыч мектебинин жалпы 34 окуучусу бар. Бул мектеп Г.Малаев орто мектебине кошулуп жатат. Эки мектептин аралыгы 2 км», — деди ал.

    Пример HTML-страницы
  • Жалал-Абад облусу боюнча 5 мектеп оптимизацияланып, башка мектептердин филиалы катары иштей баштады.

————————————

Буга чейин сентябрда Билим берүү жана илим министрлигинин «Окуучулардын саны аз жалпы билим берүү уюмдарын оптимизациялоо жөнүндө» буйругу чыкканы маалым болгон.

Буйрукка ылайык, жалпысынан 53 жалпы билим берүү уюму кошулат.

Анын ичинен:

    • Ош облусунда — 22,
    • Нарын облусунда — 10,
    • Чүй облусунда — 6,
    • Баткен облусунда — 5,
    • Жалал-Абад облусунда — 5,
    • Талас облусунда — 2,
    • Ысык-Көл облусунда — 1.

Буйрук Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун протоколдук тапшырмасын аткаруу жана жалпы билим берүү уюмдарында билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, окуучулардын саны аз жалпы билим берүү уюмдарын оптималдаштыруу максатында чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️