Пример HTML-страницы

Таласта окуучу кыз кош бойлуу экени аныкталып, 31 жаштагы адам кармалды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushАйтматов районунда өспүрүм кыз кош бойлуу экени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда Талас ОИИБден кабарлашты.

Маалыматка караганда, 13-май күнү милицияга мугалимдер тарабынан 15 жаштагы өспүрүм кыздын боюнда бар экендиги жөнүндө маалымат келип түшкөн. Бул окуя боюнча кыздын апасы Айтматов РИИБге арыз менен кайрылган. Аталган факты Айтматов РИИБде Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин (зордуктоо) негизинде катталып, кылмыш иш козголгон. Текшерүү учурунда өспүрүм кыздын 26 жумалык боюнда бар экени аныкталган. Кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган А.А. кармалып, Айтматов РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE