Пример HTML-страницы

Таласта облустун жетекчилиги менен күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жакында болгон массалык мушташты талкуулашты

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 1-июнда Таласта президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов жакында болгон массалык мушташ боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга Талас облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө иштери боюнча орун басары, милициянын полковниги Канат Калыков, Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Медербек Муратов жана Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, милициянын полковниги Алмаз Шекербековду катышты.

Талас облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө иштери боюнча орун басары Канат Калыков облус жетекчисине жогоруда аталган факт боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер тууралуу маалымат берди.

Облус башчысы Нурлан Дарданов профилактикалык иш-чараларды байма-бай жүргүзүп туруу тапшырмасын берди.

Ошондой эле, мектеп окуучуларынын бүтүрүү кечелерине дыкат көңүл бурууну жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу иш-чараларын күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Талас ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 31-майга караган түнү Талас шаарынын Капар Медетбеков атындагы музыкалык драма театрынын алдында топ балдар мушташып жатат деген маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу чыгып, балдарды ички иштер бөлүмүнө алып келишкен.

Бул факт электрондук эсепке алуу журналына катталып, ата-энелери чакырылып, тапшырылып берилген. Аталган факт боюнча арыз менен эч ким кайрылган эмес.

Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE