Таласта Нооруз майрамы белгиленип жатат

TurmushБүгүн, 21-мартта Талас шаарындагы А.Огомбаев атындагы балдардын музыкалык мектебинде Нооруз майрамы белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Музыкалык мектептин кире беришинде улуттук тамак-аш коюлуп, келген конокторду боорсок менен тосуп алышты. Аларды президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков жана Талас шаарынын мэри Аскар Шабданов куттукташты. Майрам ыр-бийлер менен коштолду.

Ошондой эле Кара-Буура районунда Нооруз майрамына карата салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук мамлекеттик администрациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, ынтымакты, биримдикти, бейкутчулукту чакырган элдик майрамга райондун ардактуу аксакалдары чакырылып, жашоочулар катышышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️