Пример HTML-страницы

Таласта мыйзамсыз курулуштар алынып, туюк көчөлөр ачылып жатат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushТалас шаарында мыйзамсыз курулуштар алынып, туюк көчөлөр ачылып жатат. Бул тууралуу Талас шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, узак убакыттан бери мыйзамсыз ээлик кылынып, тосулуп келген Ж.Мырзалиев жана А.Нуржанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги туюк жолду ачуу иштери жүрүп жатат. Бул үчүн Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын тийиштүү техникалары ишке тартылып, жабылган жолду ачуу, тегиздөө иштерин жүргүзүүдө. Алдыңкы күндөрдө аталган көчөлөрдүн кесилишине кум, шагыл аралашмасы төгүлүп, унаа айдоочулар жана жөө жүргүнчүлөр үчүн пайдаланууга берилмекчи.

Мындан мурун эле О.Өмүрбеков жана Күрөңкеев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жабык жол ачылып, пайдаланууга берилген.

Алдыда Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан бул багытта иштер улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE