Таласта мурда соттолгон 29 адамды милицияга алып келишти

Turmush8-10-апрель күндөрү Талас облусунда «Мал ууру» аталышындагы иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, аталган иш-чаранын талабына ылайык, көрсөтүлгөн багытта талдоо иштер жүргүзүлүп, мал уурулукка бөгөт коюучу аракеттери көрүлдү. Бул аракеттерге Талас ОИИБ менен Талас РИИБ, Талас ШИИБден жалпы 134 кызматкер тартылды. Рейд болгон күндөрү жалпы 18 кылмыш катталып, 6 кылмыштын бети ачылган.

Рейдтин жүрүшүндө уурулук боюнча алдын алуу иш-чаралар жүргүзүлүп, тийиштүү тапшырмалар коюлуп, облустун аймагында жайгашкан 14 касапкана, эт сатуучу 12 жай текшерилип, профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү.

Рейд учурунда жалпысынан 66 унаа текшерилип, 45 протокол толтуруп, тийиштүү документи жок унаа башкарып жүргөн 1 айдоочу аныкталды.

Мындан тышкары мурда соттолгон 29 адам милицияга алынып келинип, түшүндүрүү иш-чаралар жүргүзүлдү. Мал алып сатуу менен алектенген 28 адамга нускамалар берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️