Таласта милициянын 100 жылдыгына карата өзгөчө жасалгаланган «Москвич» параддан өтөт

Акыркы жанылыктар

TurmushТаласта милициянын 100 жылдыгына карата парадга атайын автоунаа даярдалды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, автоунаа «Москвич М412» үлгүсүндө.

«1971-жылы Талас облусунун ички иштер башкармалыгына кызматтык унаа катары берилген. Ошондон бери сакталып, кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата ондоп- түзөөдөн өткөрүлдү. Парад 1-ноябрда борбор калаада өтөт», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️