Таласта милиция кызматкерлери ыр кесе уюштурду. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 7-сентябрда Талас шаарындагы «Манас ордо» улуттук комплексинде ыр кесе өттү.

Иш-чара Талас облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата уюштурулду. Ыр кесеге Ош шаарынан келген делегация конок болушту. Аларды жетекчилер, Талас облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Азенбек Козукеев тосуп алышты.

Ыр кесеге Бакай-Ата, Манас, Талас, Айтматов райондорунун жана Талас шаарынын ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жандуу үн менен аспаптардын коштоосунда ыр ырдап, бийлеп, боз үйлөрдү тигишти. Ошондой эле улуттук тамактарды жасап, кыргыздын улуттук салт-санаасынан театралдаштырып көрсөтүштү.

Анын алкагында Киров суу сактагычында Манас РИИБдин криминалистика кызматынын кызматкери Александр Волков жана Талас ОИИБдин милициянын кайгуул күзөт кызматынын взводунун милиционери Арген Жылдызбеков «Кыргызстан» чыгармасын аткарышты.

Пример HTML-страницы

Кийинки ыр кесени Ош шаардык ички иштер бөлүмүнө өткөрүп беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️