Пример HTML-страницы

Таласта маршруттук унаалар текшерилип, жетекчилерге 56 миң сом айып салынды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushТаласта маршруттук унаалар текшерилди. Бул тууралуу Талас облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, түзүмдүн кызматкерлери Талас облусундагы ички жана сырткы каттамдарга каттаган маршруттук унаалардын айдоочуларын текшерүүгө алышты. Алар таң эрте барып, айдоочулар каттамга чыга тургуна учурунда техникалык кароодон жана наркология бөлүмүнөн өткөрүп, эч кандай лицензиясы жок каттамга чыгып жүргөн жана техникалык талаптарга жооп бербеген коомдук транспорттор аныкталды.

Айдоочуларды иштеткен фирмалардын 2 жетекчисине Укук бузуу кодексинин 182-беренесинин 7-бөлүмүнө (ыйгарым укуктуу адамдын пайдаланууга тыюу салынган техникалык бузугу бар же милдеттүү техникалык кароодон өтпөгөн, же болбосо белгиленген тартипте катталбаган транспорт каражатынын жол кыймылына катышуусуна жол берүүсү) ылайык, жалпысынан 56 миң сомго айып салынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE