Таласта лицейдин окуучулары бараткан унаа жол кырсыгына кабылган. Айдоочу тергөө кызматына жеткирилди

Таласта лицейдин окуучулары кырсыкка кабылышты Акыркы жанылыктар

TurmushБакай-Ата районунун Түйтө айылында лицейдин окуучуларынын катышуусунда болгон жол кырсыгынан кийин айдоочу тергөө кызматына жеткирилгенин Талас ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 2024-жылдын 5-декабрында Түйтө айылындагы жолдун бир бөлүгүндө «Дайхатсу Сирион» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, электр мамысын сүзгөн.

Бул факты боюнча материалдар катталып, Бакай-Ата РИИБдин жол кайгуул кызматынын ыкчам-издөө тобу тарабынан унаа табылып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Буга чейин Turmush басылмасы лицейлердин биринин окуучулары бараткан унаа мамыны сүзүп кеткенин жазган. Бул Бакай-Ата районунун Түйтө айылынын бурулушунда болгон.

«Жабыркагандар жок. Окуя болгон жерге МАИ кызматкерлери келген эмес. Лицейдин окуучулары ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам таратып, кайра кайтып келе жатып кырсыкка учурашкан», — деп билдиришкен окуяга күбө болгондор.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️