Таласта «Күн тоскон терезе» аттуу китептин ачылышы өттү

TurmushБүгүн, 29-мартта Таласта айыл чарбасына эмгек сиңирген ишмер, «Билим берүүсүнүн отличниги» Каныбек Курманбековдун 80 жылдык маракесине карата «Күн тоскон терезе» аттуу китебинин ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу облус жетекчилигинен кабарлашты.

Маалым болгондой, иш-чарага президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков, маркум Каныбек Курманбековдун туугандары, жакын санаалаштары, кесиптештери жана чыгармачыл чөйрөнүн адамдары катышты. Саамалыктын алкагында Каныбек Курманбековдун алган сыйлыктары көргөзмөгө коюлуп, анын калемине таандык ырлар көркөм окулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️