Таласта кылмыштуулукту алдын алууга багытталган иш-чара болуп өттү

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ,13-сентябрда К.Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында кылмыштуулукту алдын алууга багытталган иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чарага Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакулов, Талас шаардык, райондук билим берүү бөлүмүн башчысы Турдубек Момоканов, Талас ШИИБдин башчысынын орун басары Саадамбек Стайбеков, ата-энелер жана жогорку класстардын окуучулары катышты.

Алгач катышуучуларга милиция тарабынан даярдалган кылмыштын кесепеттери камтылган видеоролик көрсөтүлдү. Андан соң үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту, эрте никеге турууну, жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту жана түрдүү кырсыктарды алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️