Таласта курулушта иштеп жатканда бетон басып калган адамга операция жасалат

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ,19-ноябрда Талас районунун Жон-Арык айылында курулушта иштеп жатканда бетон басып калган адамга операция жасалат. Бул тууралуу Чолпон Мамбетов атындагы Талас облустук биргелешкен ооруканасынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 35 жаштагы бейтап кечээ саат 15:00 чамасында тез жардам кызматы менен жеткирилген.

«Рентгенге түшкөндө сол бутунун балтыр сөөгүнүн сынганы аныкталган. Кечээ реанимация бөлүмүнө жаткырылып, бүгүн травматология бөлүмүнө которулуп, ушул жуманын аягына операция жасоо пландалып жатат», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин ӨКМ 19-ноябрда Талас районунун Жон-Арык айылында маданият үйүн оңдоп-түздөө иштерин жүргүзүп жаткан Б.Ж. аттуу 35 жаштагы адамдын 2 бутун жоон санынан курулуш плитасы (бетон) басып калганын кабарлаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️