Таласта курулуш калдыктарын ташып, көчөнү булгаган «Камаздын» айдоочусуна айып пул салынды

Акыркы жанылыктар

Turmush14-июнда Талас шаарында курулуш калдыктарын ташып бара жаткан «Камаздын» айдоочусуна айып пул салынды. Бул тууралуу Талас облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган «Камаз» курулуш калдыктарын бортунан ашыра жүктөп, шаардын К.Нуржанов көчөсүн булгап бара жаткан жеринен токтотулган. Айдоочусуна Укук бузуулар боюнча кодекстин 177-беренесинин 2-бөлүгү менен протокол түзүлүп, 7500 сом айып пул салынды.

Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 177-беренесинин 2-бөлүгү:

Курулуш аянтчаларынан кеткен көчөнүн же жолдун өтүүчү бөлүгүн булгоонун алдын алууга карата чараларды көрбөө, жолдун өтүүчү бөлүгүндөгү оңдоо-курулуш иштеринин натыйжасында бузулган жолдун же көчөнүн элементтерин калыбына келтирүү эрежелерин бузуу жол кыймылынын коопсуздугуна коркунуч келтирсе – жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️