Таласта Кургак учук менен күрөшүү күнүнө карата жөө жүрүш уюштурулду

TurmushБүгүн, 24-мартта Талас шаарында Кургак учук менен күрөшүү күнүнө карата жөө жүрүш уюштурулду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, ага ыктыярчылар, Кызыл Ай Коомунун өкүлдөрү катышты. Бул күн Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун чечимине ылайык, жыл сайын белгиленип келет. Кургак учуктун ачык түрү адамга аба аркылуу жугат. Бирок бейтап дарыланса, айлана-чөйрөдөгү адамдар үчүн коркунуч туудурбайт. Андыктан илдеттин белгилери бар адамдар өз убагында дарыгерге кайрылышы керек.

1882-жылы 24-мартта немис микробиологу Роберт Кох кургак учук дартын тапкан. Кургак учук азыркы учурга чейин эң коркунучтуу оорулардын бири. Бул оору дүйнө жүзүндөгү саламаттыкты сактоо тармагында дагы деле олуттуу көйгөй болуп сакталып калууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️