Таласта короодон качып кеткен төө кушту көчөдөн токтотуп, айдап кетишти (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 17-июль күнү Талас шаарында короодон качып кеткен төө кушту көчөдө бара жаткандар токтотуп, ээсинин алып кетишине жардам беришти. Бул тууралуу Turmush басылмасына күбөлөр билдиришти.

«Бүгүн Талас шаарында Кыргыз көчөсүндө короосунан качып кеткен төө кушту үйүнө алып кирүүгө көчөдө өтүп бара жаткандар жардам беришти. Короосунан чыгып кеткен төө кушту ээси жарым сааттай издеген. Кайра киргизүү кыйын болуп, 3-4 адамдын жардамы менен айдап кетишти», — деди алар.

———————————-

2021-жылы 15-октябрда дагы Чүйдүн Боом капчыгайында айдоочулар унаалар менен тең жарышып, чуркап бара жаткан төө кушту видеого тартышкан. Көп өтпөй унаа жолдогу төө куш кармалганы белгилүү болгон.

Пример HTML-страницы

Кийинчерээк капчыгайдаунаалар менен тең жарышкан төө куш Кемин районунун Чолок айылынын тургуну Канат Исраиловго таандык экени аныкталган. Ал 12 төө куштун ар бирин 2200 доллардан Өзбекстандан алдырганын айтып берген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️