Turmush — Бүгүн, 13-ноябрда Талас облусунда кар жаады. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.
Маалыматка караганда, алгач жаан жаап, арты карга айланган. Аба ырайы суук болуп жатат.
Буга чейин ӨКМ бүгүн, 13-ноябрда көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн экендигин кабарлаган.
Маалыматка караганда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чаачын катуу жаашы мүмкүн. Айрым жерлерде туман түшүшү ыктымал. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 18-23 метрге чейин жетиши мүмкүн.
13-14-ноябрь күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. 13-ноябрда күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде, 14-ноябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Республиканын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 18-23 метрге чейин жетиши күтүлөт.
15-16-ноябрларда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө -1…-3° ка жеткен үшүк жүрүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 18-23 метрге чейин жетиши күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.