Таласта грек-рим күрөшү боюнча чемпионат жыйынтыкталды

TurmushТалас шаарында грек-рим күрөшү боюнча өтүп жаткан Кыргызстандын чемпионатында жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу Талас шаардык спорт мектебинин директору Таалай Бектурганов билдирди.

«23-24-март күндөрү грек-рим боюнча чемпионат өтүп жатат. Анда 10 салмак категорияда балбандар күч сынашат. Биринчи күн жыйынтыкталды. Анда 5 салмак категорияда балбандар беттешип, жеңүүчүлөр аныкталды», — деди ал.

23-мартта 1-орунду ээлегендер:

— 55 кг салмакта – 2004-жылы туулган Курманбек Жапаров;

— 63 кг салмакта – 2004-жылы туулган Раззак Бейшекеев;

— 72 кг салмакта – 2004-жылы туулган Марс уулу Эрлан;

Пример HTML-страницы

— 82 кг салмакта – 2004-жылы туулган Асан Жанышов;

— 97 кг салмакта – 2002-жылы туулган Раймалы уулу Нурманбет.

Кечээ, 24-марттагы жеңүүчүлөр:

— 60 кг салмакта – 2003-жылкы Акыл Сулайманов;

— 67 кг салмакта – 2003-жылы туулган Имур Темирбеков;

— 77 кг салмакта – 2002-жылы туулган Абдыбакит Молдогараев;

— 87 кг салмакта – 2003-жылы туулган Жеңиш Жеңиш Жумабеков;

— 130 кг салмакта – 2002-жылы туулган Давран Садыков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️