Таласта эттин баасы 550 сомго чыкты

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 9-октябрь күнү Талас шаарында эт сатылуучу жайларда уй жана кой эттеринин баасына мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облусундагы бөлүмү билдирди.

Маалыматка караганда, касапканаларда уйдун эти 390-400 сомдон, жылкынын эти 440-450 сомго чейин, ал эми эт сатылуучу жайларда дүкөн, павильон жана жабык базарларда 1 кг этти 490 сомдон 510 сомго чейин сатылууда. Борбордук базарда койдун 1 кг этинин баасы 550-560 сомго чейин сатылууда.

Учурда чучуктун 1 кг 950 сомдон сатылып жатат. Сатуучулар былтыр ушул убакта касапканадагы эттин 1 кг 360 сомдон, ал эми базарда 440 сомдун тегерегинде сатылып жатканын билдиришти.

Буга чейин Кара-Көл шаарында эт кымбаттаганы белгилүү болгон.

Сатуучулардын айтымында, эттин кымбатташы базардагы малдын кымбаттоосуна байланыштуу болууда. Базарда бодо мал кымбаттаган. Анткени мал Өзбекстанга ташылууда. Бул айыл элине жана мал баккандар үчүн жакшы болгону менен шаар жеринде эттин кымбат болуусуна шарт түзөт.

Айрым сатуучулар күзүндө экспорттолгон малдын санын кыскаруу керек дегени пикирин айтышкан. Кара-Көл шаарында уй этинин 1 килограммы 530 сом, сулп эт 650 сомдон сатылып жатат. Сулп эт 50 сомго кымбаттаган. Ал эми кой этинин 1 килограммы 550 сомго бааланууда. Эт орто эсеп менен 10-20 сомго кымбаттаган.

Пример HTML-страницы

Ош шаары менен Ош облусунда эттин баасы кымбаттаган.

Сатуучулардын бири Бахадыр Хусановдун айтымында, учурда Ош шаарындагы азык-түлүк базарларында койдун эти 620 сомго чейин сатылып жатат. Буга чейин бодо мал, кой, эчкилер сыртка көп экспорттолуп жатканынан улам, эттин баасы кымбаттаган.

«Азыр уйдун эти 600 сом, койдун эти 620 сомдон сатылып жатат. 50-70 сомго чейин кымбаттады. Базарда мал кымбат. Анткени биздин малды Өзбекстанга чыгарып кетип жатышат. 2 күн болду, сыртка чыгарууга тыюу салышты. Эми баа кайра жөнгө салынса керек», — деген ал.

Буга чейин, июль, август айында койдун эти 520 сом, уйдун эти 500 сомдон сатылып жаткан.

Мал базарда союшка жарамдуу койдун баасы 15 миң сомдон, 25 миң сомго чейин бааланып жатат.

Ал эми Жалал-Абад облусунда эттин наркы 700 сомго чейин кымбаттаганы айтылган. Кийинчерээк Жалал-Абад шаарында атайын жыйын өтүп, анда эттин баасы кескин жогорулап жаткандыгы айтылып, соодагерлерге бааларды негизсиз жогорулатпоо керек экендигин түшүндүрүлгөн. Уй этинин 1 кг мындан ары 560 сомдон, бука жана кой этинин 1 кг 600 сомдон сатуу боюнча эскертүү берилген.

Кара-Балта шаарында эттин баасы кымбаттап, уй эти — 720 сом, сөөк жана фарш кошулган эт — 520 сом, жүрөк жана боор — 280 сомдон сатылып жатканы белгилүү болгон.

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында эттин баасы көтөрүлүп, быйыл эт 20-30 сомго кымбатыраак экени маалымдалган. Уйдун эти 580-620 сом, койдун эти 600 сом, тооктун эти 330 сом болуп жатат.

Баткен облусундагы базарларда эттин баасы 50 сомго кымбаттап, Лейлек районунда уйдун эти 550 сом, сулп эттин 1 кг 750 сом болуп жатканы белгилүү болгон. Койдун эти 600 сом болуп жатат. Баткен шаарында койдун эти 620 сом, уйдун эти 590-600 сом болууда. Кадамжай районунда уйдун эти 600 сом, койдун эти 620 сом. Бул баалар 1 ай мурда 50 сомго арзан болгон.

Чүй облусунун Москва районунда уйдун, койдун эти сапатына карай 500-580 сомдон сатылып жатканы маалымдалган.

  • 2024-жылдын 10-сентябрында Экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Айбек Мамыралиев эттин баасы арзандай баштаганын билдирген. Ал Бишкектин Ош базарында эттин килограммы 660-670 сомдон сатылып жатканын айтты. Анын айтымында, республика боюнча эң арзан эт Таласта — 1 кг 480 сомдон сатылууда. Таласта орточо эсеп менен баа 510-520 сом деңгээлинде сакталып турат.

Буга чейин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 2024-жылдын 1-августуна карата мал чарба продукциялары көбүрөөк өндүрүлгөнү байкалганын билдирген.

2024-жылдын отчеттук мезгилинде республикадагы бардык категориялардагы чарбаларда тирүүлөй салмакта 231,1 миң тонна эт өндүрүлдү, бул мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3298 тоннага же 1,4 пайызга көп. Республикада эт өндүрүүнүн жогоруулашы айыл чарба малдын көбөйүшү менен байланыштуу. 2023-жылдын аягына карата республикадагы мал санактын жыйынтыгы боюнча ири мүйүздүү малдын саны 18,8 миң баш, кой жана эчкинин саны 15,1 миң баш, жылкынын саны 8,5 миң баш жана үй канаттуулардын саны 620,0 миңге көбөйгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️