Таласта электр мамысына байланган баланын сүрөтү: Милиция достордун «салтын» аныктады (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushИнтернетке электр мамысына байланган абалда тартылган баланын сүрөтүнүн чоо-жайы такталды. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда Талас ОИИБден кабарлашты.

Маалыматка караганда, 9-ноябрда социалдык тармактарда электр мамысына байланган баланын сүрөтү тараган. Бул окуя Талас ШИИБ тарабынан каттоого алынып, териштирүү иштери башталган. Анын жүрүшүндө Талас шаарынын тургуну 8-ноябрда 16 жашка толуп, 5 досу үйүнө куттуктап келгени такталды. Туулган күн ээси жайкы кийими менен сыртка чыккан. Себеби дос балдарынын арасында кимдин туулган күнү болсо, ошол баланы куттуктоо иретинде торт жана башка нерселер менен уруп куттуктап жүрүшкөн. Ошол сыяктуу эле туулган күн ээсин дагы достору электр мамысына байлап, торт жана башка нерселер менен уруп куттукташкандыгы белгилүү болгон.

16 жашка толгон балананын апасы ушундай окуя болгонун билгенин, ал боюнча эч кимге доосу жок экендигин айтып, арыз жазуудан баш тарткан.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️