Пример HTML-страницы

Таласта ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга сый тамак уюштурулду

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас шаарында 3-декабрь – Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнү белгиленүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, демөөрчүлөр тарабынан Талас шаарындагы 18 жашка чейинки мүмкүнчүлүгү чектелгендерге сый дасторкон уюштурулду. Саамалыктын жүрүшүндө Талас облустук музыкалык драма театрынын өнөр адамдары тарабынан концерттик программа тартууланды. Иш-чаранын соңунда башкы демөөрчүлөр тарабынан балдарга арналган белектер тапшырылды .

Талас шаары боюнча жалпы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 1500гө жакын жаран бар. Алардын ичинен 292си 18 жашка чейинки курактагы балдар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE