Таласта дээрлик 14 млн сомго темир-бетон заводу курулду

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас районунда темир-бетон заводу ачылуу алдында турат. Бул тууралуу Талас районунун акими Нургазы Нармырзаев билдирди.

Анын айтымында, темир-бетон заводу Чоң-Алыш айыл аймагынын Манас айылында курулду. Ишкананы салууга Талас райондук өнүктүрүү фондунан 13 млн 922 миң 804 сом которулган. Жалпы 15 жумушчу оруну түзүлдү.

Ишкананын өндүрүштүк сыйымдуулугу:

— ЛР 60 (лоток) күнүнө 6 даана;

— ЛР 80 (лоток) күнүнө 6 даана;

Пример HTML-страницы

— Г 12 күнүнө 6 даана;

— Г 15 күнүнө 6 даана;

— темир бетон мамыча күнүнө 6 даана;

— темир бетон шакекче күнүнө 6 даана.

Темир бетон буюмдарын өндүрүү технологиясы арматура рамасын байлоо, ширетүү, калып жасоо, бетон аралашмасын даярдоо, продукциянын берилген түрүн калыпка салуу процесстерин өзүнө камтыйт.

Процесс жылуулук камерасында, нымдуулуктун жана жогорку температуранын таасири астында ишке ашат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️