Таласта быйыл 57 миң гектар жерге төө буурчак себилет

TurmushТаласта жазгы талаа иштерине даярдык башталды. Бул тууралуу Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын агрардык өнүктүрүү секторунун башчысы Эмилбек Тууганбаев билдирди.

«Таласта жазгы талаа иштерине техникалар жетиштүү. Облус боюнча 1950 трактор, 1908 жер айдаган соко даяр. Жер себүү убагы келгенде иштер башталат. Негизи 84 миң 500 гектар жерди айдап себебиз. Анын ичинен 57 миң гектар жерге төө буурчак себилет. Калгандарына картошка, буудай, арпа, кант кызылчасы, жазгы чөптөр айдалат», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️