Таласта «Баластан» балдарга билим берүү борборунун директору Чолпон Сарыгулова көз жумду

Акыркы жанылыктар

Turmush2024-жылдын 24-октябрында Талас шаарындагы К.Коңурбаев атындагы «Баластан» балдарга билим берүү борборунун директору Сарыгулова Чолпон Исламовна 66 жаш курагында каза болду.

Мэриянын маалыматына караганда, Чолпон Сарыгулова 1958-жылы Талас шаарында туулган. Эмгек жолунда Кыргыз Республикасынын жазуучулар союзунун адабий фондунда, КМУнун орус тилин окутуунун методикасы кафедрасында улук лаборант болуп иштеп, физика-математика факультетинде орус тилинен сабак берген.

Кыргыз Республикасынын ДОК РПнын уюштуруу-массалык бөлүмүндө улук инструктор, Бишкек шаарындагы №68 мектепте орус тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенген. Ошондой эле Бишкек шаарынын ГУНОнун кадрлар бөлүмүнүн инспектору, Бишкек шаарынын мэриясынын вице-мэринин жардамчысы, Бишкек филармониясынын кадрлар бөлүмүнүн улук инспектору, Бишкек шаарындагы жеке менчик билим берүү борборунда орус тили мугалими, иш кагаздарын жүргүзүүчү жана психолог болуп иштеген.

2009-жылы Талас шаарындагы К.Коңурбаев атындагы «Баластан» балдарга билим берүү борборунун директору болуп дайындалган.

Элге билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргызстан аялдар конгрессинин, президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын, Талас шаарынын мэриясынын ардак грамоталары менен сыйлангын.

Пример HTML-страницы

2011-2017-2019-жылдары мыкты жетекчи деп табылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️