Таласта азык-түлүктүн бааларына катуу көзөмөл болуп жатат

TurmushТаласта азык-түлүктүн бааларына катуу көзөмөл болуп жатат. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин Талас облусу боюнча жетекчиси Нуржан Аманкулов билдирди.

Анын айтымында, Талас облусунун бүт аймактарындагы базарларда, супермаркеттерде, дүң соода түйүндөрүндө азык-түлүктүн бааларын негизсиз жогорулатпоо, спекулятивдик иштерге жол бербөө тууралуу түшүндүрүү иштери улантылууда.

«Өзгөчө шекер, өсүмдүк майы жана унга көңүл бурулуп жатат. Ал эми талдоо иштеринин жыйынтыгында баалардын өзгөргөнү сырткы факторлордон (Россия-Украина мамлилеси, валюталык туруксуздук ж.б.) улам экени аныкталды. Учурда Талас облусунун аймагына ундун негизги көлөмү, өсүмдүк майы кошуна Тараз шаарынан ташылып келет.

Ал эми Бишкек шаарынан ташылуучу шекер жана өсүмдүк майынын баалары салыштырмалуу жогору. Кошуна Тараз шаарында жайгашкан Монополияга каршы күрөшүү кызматындагы кесиптештер менен иштин кызыкчылыгы үчүн байланыш түзүлүп, маалыматтар алмашылды.

Казакстандык кесиптештердин берген маалыматына караганда, Тараз шаарында да азык-түлүктүн айрым түрлөрүнө болгон баалар кымбаттаган. Андан сырткары казак теңгесинин курсу дагы акыркы мезгилде кыргыз сомуна карата жогорулаган жана өз кезегинде Казакстандан өндүрүлгөн, Кыргызстанга импорттолуучу товарлардын бааларына таасири бар.

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети тарабынан матрезервден калктын социалдык аялуу катмарын арзан бааларда шекер жана өсүмдүк майы менен камсыз кылуу тууралуу кабыл алынган чечимине ылайык, Талас облусуна 40 тонна шекер жана 30 тонна өсүмдүк майы каралган. Аз убакыт аралыгында ташып келүү жергиликтүү бийлик тарабынан колго алынып, иштер жүргүзүлүүдө. Учурда калк арасында массалык көлөмдө продукция сатып алуу басаңдап, баалар жуманын башына салыштырмалуу туруктуу», — деди ал.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️