Таласта ардагер дарыгер Базарбай Ниязалиев көз жумду

Акыркы жанылыктар

Turmush3-ноябрда Таласта ардагер дарыгер Базарбай Ниязалиев көз жумду. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда кесиптештери кабарлашты.

Маалыматка караганда, ал узакка созулган оорудан улам 75 жаш курагында жарыкчылык менен коштошту.

Ниязалиев Базарбай Казыбекович 1950-жылы Таластын Өзгөрүш айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган.

— 1967-жылы мектепти ийгиликтүү аяктап, Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун санитардык факультетинин студенти болгон. 1973-жылы медициналык институтту ийгиликтүү аяктап, Кара-Буура райондук санитардык-эпидемиологиялык кызматтын эпидемиолог дарыгери болуп келген. Көп узабай бөлүм башчы болуп дайындалган.

— 1980-жылы Манас райондук санитардык-эпидемиологиялык кызматынын башкы дарыгери болуп дайындалган.

Пример HTML-страницы

— 1986-жылы Ленинполь райондук санитардык-эпидемиологиялык кызматынын башкы дарыгери кызматына которулган.

— 1991-жылы Талас облустук санитардык-эпидемиологиялык кызматынын башкы дарыгер болуп дайындалган.

— 1999-жылы Талас облустук СПИДке каршы күрөшүү борбору уюшулуп, ошол борборго башкы дарыгер болуп дайындалган. Ал мекемеде 2020-жылга чейин иштеген.

Жалпысынан алганда 47 жылдык эмгек жолунда, анын ичинен 40 жыл жетекчилик кызматта ашкы дарыгер болуп элге кызмат кылган. Үй-бүлөдө, 5 кыз, 2 уулдун атасы болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️