Таласта араб жазуусу бар тарыхый ташты уурдап кетишти

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас облусундагы Бакай-Ата районунун Наматбек айылынан 15 чакырым аралыкта жайгашкан Боз-Тектир мазарындагы таш жок болууда. Бул тууралуу эколог Гамал Соронкулов билдирди.

Маалыматка караганда, байыркы мечиттин урандыларында орнотулган араб жазуусу бар таш өз ордунда жок болуп жатат.

«Бул жерде жайгашкан араб жазуусу бар таш тарыхка бай эле. Мүмкүн, жакшы ниеттери менен эскирип кеткен жазууларды жаңыртып келем дегендир.

Эгерде өз кызыкчылыгы үчүн алгандар болсо, биздин көөнө тарыхыбызды чагылдырган мурас ташты өз ордуна коюп койгондору оң болоор», — деди Г.Соронкулов.

https://www.youtube.com/watch?v=0vrxlDjtFUg

Пример HTML-страницы

———————————————————

Буга чейин Turmush Бакай-Ата районунун Күмүштак суусунун боюнда Боз-Тектир мазарына бул чөлкөмгө ислам динин алып келген адамдардын сөөктөрү көмүлгөнүн жазган.

Жергиликтүү тургундардын айтымында бул мазардын алдында 7-8-кылымдарда табииндер (ислам динин алып келгендер) көмүлгөн. Ал жердеги ташта араб тамгасы менен жазуулар бар. СССР учурунда Бакай-Атада жашаган бир бала ташка өзүнүн ысымын жазып, анын жартысын сындырып кеткен. Аксакалдар «ал жерге тийбегин» деп эскерткенге болгон эмес. Бир аз убакыттан кийин ташты сындырып кеткен бала оорукчан болуп калып, корккон ата-энеси ташты алып келип, бетон менен «чаптап», бириктирип кетишкен. Ошондо эл бул жердин кереметине таң калган. Азыркы учурга чейин бул жерге зыярат кылып келишкендер бар.

Ал эми эколог Гамал Соронкулов бул жердеги таштагы жазууларды араб тилин билгендерди алып келип окутканын айткан.

«Бир нече жыл мурун Боз-Тектир мазарындагы арабча жазууларды атайын билген кишилерди алып келип окуткам. Ал жерде «Алладан башка күч жок» деп жазылган экен. Бул жердин тарыхы, ар кандай уламыштар, китептерде баяндалып келет. Ошондуктан ал жерге археологдорду алып келип, терең изилдөөгө алынат», — деген.

———————————————————

Бакай-Ата районунун Күмүштак тоолорунун аймагында Боз-Тектир мазары жайгашкан. Ал тууралуу эл оозунда ар кандай уламыштар айтылып келет.

Бакай-Ата районунун Наматбек айылынын тургуну Искен Жолчубековдун айтымында, бул мазар тууралуу бизде көп уламыштар айтылат.

«Бирок баары эле окшош. Чоң атам айтып берген уламышка токтоло кетейин. Бир нече кылымдар мурун бул жерлерде согуштар болгон деп айтылат. Анда ислам динин тутунгандар менен башка диндин өкүлдөрү согушуп, бул жерде көп адам кырылган экен. Ислам динин тутунгандардын кол башчысы Бозтектир деген киши болуптур. Ал өлгөн жоокерлерин жерге көрбөстөн, таш менен эле сөөктү корумдап, кете беришкен экен. Анткени жер казып, көмүүгө убакыт болбоптур. Анан акыры өзү калганда, душмандардан чоң таштын түбүнө бекинип калат экен. Ал таш анын денесин душмандарга жем кылбайын деп, кандайдыр бир сыйкыр менен атаны өзүнө сиңирип алган дейт. Уландысын бул жерди басып окуй аласыз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️