Пример HTML-страницы

Таласта «Алтын тамгага» ээ болгон 8 окуучуга ноутбуктар, мугалимдерине акчалай сыйлыктар тапшырылды

TurmushКечээ, 30-май күнү Талас облусунда «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын алган окуучулар сыйланды. Бул тууралуу облус жетекчилигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Нурлан Дарданов окуучулар, алардын ата-энелери жана мугалимдери менен жолугушту. «Алтын тамгага» облус боюнча жалпы 8 бүтүрүүчү ээ болгон. Алардын төртөө Талас району жана Талас шаарынан. Талас шаарындагы Рысакова атындагы орто мектебинин 2 окуучусу — Мырзалиева Амелия, Тулебердиева Айтурган, лицей-комплекстин окуучусу Түлөкулова Альбина, ал эми Талас районунан А.Бөрүбаев атындагы орто мектебинин окуучусу Хаписова Адинай бар.

8 бүтүрүүчүгө облус жетекчилиги жана демөөрчүлөр тарабынан ноутбуктар, ал эми мугалимдерине акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE