Пример HTML-страницы

Таласта «Алтын тамга» алган окуучу Адинай Хасипова ЖРТда 200 балл алды

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас районунун Шумкар-Уя айыл аймагындагы Асылкан Бөрүбаев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Адинай Хаписова жалпы республикалык тестирлөөдөн 200 балл алды. Бул тууралуу мектептин директору Асран Эржанов билдирди.

Анын айтымында, ЖРТ боюнча жалпы жыйынтык чыгып, А.Бөрүбаев атындагы орто мектеби Талас районундагы мектептер арасында 1-орунга чыкты. Орточо упай 150 баллды түздү. Ал эми эң жогорку балл 200 болуп, аны Адинай Хаписова алды.

——————————————-

  • Быйыл Талас облусунда 11-классты 2672 окуучу аяктап жатат. Талас облусу боюнча 8 окуучу «Алтын тамгага» ээ болгон.

Буга чейин Талас району боюнча «Алтын тамганы» Шумкар-Уя айыл аймагындагы Асылкан Бөрүбаев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Адинай Хаписова алганы кабарланган. 25-майдагы акыркы коңгуроо аземинде ага айыл өкмөттүн атынан «iPhone 15» үлгүсүндөгү телефон, анын ата-энесине 100 миң сом, мектеп жетекчиси менен класс жетекчисине эс алууга Дубайга жолдомо, мектепке «Mercedes-Benz Sprinter» үлгүсүндөгү кичи автобус тапшырылган.

Адинай бул аттестатты Талас районунан жалгыз өзү алды. Алдыда хирург болуу үчүн медициналык академияга тапшырууну көздөп жатканын айткан.

  • Буга чейин 2023-жылы айыл аймактагы мектептердин бүтүрүүчүлөрү «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын алса, ал мектепке автоунаа берилери айтылган.

2024-жылы январь айында Административдик-аймактык реформанын алкагында Бекмолдо жана Осмонкулов айыл аймактары бириктирилип, Сасык-Булак айылын административдик борбор деп аныктоо менен Шумкар-Уя айыл аймагы түзүлгөн.

Шумкар-Уя айыл өкмөтү — Талас районундагы дотациядан чыккан айыл өкмөттөрдүн бири. Айыл аймакта Жер-Үй алтын кени жайгашкан. Айыл өкмөттүн 1 жылдык бюджети 230 млн сом.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE