Таласта «Алтын сертификат» алган бүтүрүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКечээ, 19-июль күнү Жалпы республикалык тестирлөөдө жогорку балл алган окуучуларга акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Маалым болгондой, «Алтын тамга» аттестатынын ээлери Элнура Эркинбекова менен Байзак Карыпжановго 20 миң сомдон, мугалимдерине 10 миң сомдон акчалай сыйлыктар жана ардак громаталар тапшырылды.

Байзак Карыпжанов жакында эле Алматада өткөн дүйнөлүк олимпиадада биология предметинен 3-орунду алып келген.

Таластагы лицейдин 17 жаштагы бүтүрүүчүсү Байзак Карыпжанов быйылкы жалпы республикалык тестирлөөдөн «алтын сертификат» алган окуучулардын бири. Ал 226 балл алып, «алтын сертификатка» ээ болгон.

Таластагы лицейдин бүтүрүүчүсү Эльнура Эркинбекова жалпы республикалык тестирлөөдө Кыргызстандагы алдыңкы 3 окуучунун бири болду. Өзү Нарын облусунун кызы. Бирок ата-энеси Чүй облусунун Сокулук районунда жашап келет. 7-класстан тарта Талас шаарындагы «Мээрим» эл аралык Кыргыз-Түрк кыздар лицейинде билим алып келген. Жалпы республикалык тестирлөөдөн 234 балл алган.

Пример HTML-страницы

Буга чейин Билим берүү министрлиги 2024-жылдагы жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында 56 бүтүрүүчү жогорку упайларды топтоп, «алтын сертификаттын» ээси болушканын кабарлаган.

Эң жогорку 234 упайды 3 бүтүрүүчү алган. Алар:

— Аминат Гордаева — Бишкек шаарындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин жалпы билим берүү орто мектебинин бүтүрүүчүсү;

— Максат Оморов — Бишкек шаарындагы №29 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин былтыркы жылдагы бүтүрүүчүсү;

— Эльнура Эркинбекова — Талас облусундагы «Мээрим» эл аралык Кыргыз-Түрк кыздар лицейинин бүтүрүүчүсү.

«Алтын сертификат» алгандардын аймактар боюнча саны:

Бишкек – 34,

Чүй облусу – 7,

Ош шаары жана Ош облусу – 6,

Жалал-Абад облусу – 3,

Нарын облусу – 3,

Талас облусу – 2,

Баткен облусу – 1,

Ысык-Көл облусу — жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️