Таласта акушер-гинеколог Клара Аешева көз жумду

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 19-июль күнү Таласта акушер-гинеколог Клара Аешева көз жумду. Бул тууралуу анын жакындары билдирди.

Маалыматка караганда, маркум 82 жашта болчу. Ал бүгүн, 20-июлда Талас районунун Жерге-Тал айылында акыркы сапарга узатылды.

Клара Аешева 1942-жылы Чүй облусунун Беловодск айылында туулган. Мектепти аяктагандан кийин Кыргыз медициналык институтунун гинеколог бөлүмүнө тапшырып, аны 1966-жылы аяктап, Талас шаарынын төрөт үйүнө акушер-гинеколог болуп эмгек жолун баштаган. 61 жыл акушер-гинеколог болуп иштеген.

— 1971-1980-жылдары Талас шаардык төрөт үйүнүн жетекчиси болгон;

— 1980-1985-жылдары Талас облустук ооруканасында башкы акушер-гинеколог;

Пример HTML-страницы

— 1985-1990-жылдары Талас районунда гинеколог;

— 1990-2004-жылдары Жон-Арык айылында эмканада башкы дарыгер;

— Андан кийин жеке клиникада акушер-гинеколог болуп иштеген.

Жолдошу Марлис Аешев экөө 5 балалуу болуп, 15 небере, 16 чөбөрө көрүшкөн. Марлис Аешев 1985-жылы көз жумган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️