Таласта 6 айда 54 жол кырсык катталып, 85 адам жаракат алган

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын 2024-жылдын 6 айындагы иштеринин жыйынтыгы боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган түзүмдөн кабарлашты.

Маалыматка караганда, 6 ай ичинде облус аймагында 54 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 3 киши каза болуп, 85 адам жаракат алган.

Жыйында кемчиликтер айтылып, аларды жоюу, жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды күчөтүү, ошондой эле өздүк курам арасында тартип жана мыйзамдуулукту сактоо багытында бир катар тапшырмалар коюлду.

Андан тышкары өзүнүн кызматтык милдетине жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыгы, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана коомдук коопсуздукту сактоо, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодо кошкон салымдары үчүн 3-июль — ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын түзүлгөн күнүнө карата айрым кызматкерлер сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️