Таласта 53 аялга «Баатыр эне» ордени тапшырылды

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 8-сентябрда Талас облусунда 116 аял «Баатыр эне» жана «Эне даңкы» төш белгилери менен сыйланды. Бул тууралуу облус жетекчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 53 энеге «Баатыр эне» ордени, 63 энеге «Эне даңкы» медалы тапшырылды. Апаларды сыйлоо аземине президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев баш болгон жетекчилер катышты. Иш-чара концерттик программа менен коштолдуп.

6 же андан көп балалуу энелерге «Эне даңкы» медалы, 7 же андан көп балалуу энелерге «Баатыр эне» ордени ыйгарылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️