Пример HTML-страницы

Таласта 25 жаштагы жигиттин сөөгү табылды

Акыркы жанылыктар

Turmush24-июнда Талас шаарындагы үйлөрдүн биринен 25 жаштагы жигиттин сөөгү табылды. Бул тууралуу Талас ОИИБден кабарлашты.

Маалым болгондой, Талас шаарынын 1999-жылы туулган тургуну Б.Б.нын жансыз денеси табылган. Окуя болгон жерге Талас ШИИБдин ыкчам тергөө тобу барып, анын денесинен күч колдонуунун жана криминалдык мүнөздөгү көрүнүштөр жоктугун такташкан. Ага соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлдү. Аталган факты ШИИБде катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.

Маркум буга чейин март айында башка адамдан опузалап акча талап кылууга шектелип УКМК тарабынан кармалган адамдардын бири.

——————————————————

Буга чейин 29-мартта УКМК Камчы Асанбектин (Камчы Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалганын кабарлаган.

Маалыматка караганда, колго түшүрүү операциясы Талас ОИИБдин кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү Ж.А.А, К.Э.Ж. жана башка шектүүлөр Т.Т.Т. аттуу жаранды коркутуп, 250 миң сом талап кылышкан. Алар Казакстандын жараны 60 миң сом карызын өндүрүп берүү өтүнүчү менен кайрылганын шылтоолоп, ал суммага улам-улам пайызы кошулуп турган.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 4-бөлүмүндөгү 1-пункту (опузалап акча талап кылуу) менен катталган. К.Э.Ж. талап кылынган акчанын ичинен 140 миң сомду алып жатканда кармалды. Анын гаражынан арыз ээсинен күрөө катары тартып алынган «BMW 530» үлгүсүндөгү автоунаа да табылган. Бул факт боюнча кармалган шектүүлөр К.Э.Ж. менен Ж.А.А. Таласта убактылуу камакка алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE