Пример HTML-страницы

Таласта 160 миллион сомго курулган мектеп 6 айдан кийин бузулуп, тамчы өтө баштады (сүрөт)

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushТалас районунун Арал айылындагы К.Нанаев атындагы мектебинин жаңы курулган имараты нааразычылык жаратууда. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалыматка караганда, бул мектептин курулушу 2016-жылы башталып, 2023-жылы ноябрь айында ишке берилген.

«Биз чоң айыл болгондуктан, балдар эски мектепте 3 мөөнөттө билим алышчу. Эми жаңы имаратта окушат деп сүйүнүп отурсак, минтип жарым жыл өтпөй, кейиштүү абалга жетти. Биринчи эле чатыры туура эмес жабылгандыктан, үстүнөн суу агып, жаан жааган сайын класстарда көлчүк болуп, андан соң көгөрүп жатат. Коридорлору дагы стандартка жооп бербейт. Баары гипсокартон менен жасалгандыктан, боектору сыйрылып кетти. Улам үстүнөн суу агып, электр чубалгылары жараксыз болуп, кээ бир окуу бөлмөлөрүндө электр жарыгы жок. Имарат абдан сапатсыз салынган. Биз улам ызылдап жогорку жактарга кайрылып жатабыз. Бирок жылыш жок», — деди алар.

Ал эми Талас районунун акими Нургазы Нармырзаев бул маселеге капиталдык курулуш башкармалыгы жооп берерин билдирди.

«Бул мектеп ишке берилгенден кийин 2 айдан кийин эле ар кандай курулуш кемчиликтери чыгып баштаган. Бул мектептин курулуш ишине, кабыл алуусуна капиталдык курулуш башкармалыгы жооп берет. Ошондуктан биз башкармалыкка бир нече ирет кат жүзүндө, оозеки дагы кайрылып келе жатабыз. «Мектепти курган компания 1 жыл ичинде кайрадан жасап берет» деп айтышты. Бирок азыркы күнгө чейин жасала элек», — деди ал.

Курулуш иштерин «Алтайстрой» ЖЧКсы жүргүзгөн.

  • Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, «Алтайстрой» ЖЧКсы 2021-жылы 1-декабрда кайра каттоодон өткөн. Жетекчиси жана түзүүчүсү Эрмеев Тариэль Дженишевич. Ишкана имараттарды куруу менен алектенет.

——————————————————————

Буга чейин 2023-жылдын 3-ноябрында Талас районунун Арал айылында К.Нанаев атындагы Арал орто мектебинин 2 кабаттуу жаңы имаратынын ачылыш аземи өткөн. Ага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев, депутаттар жана жергиликтүү тургундар катышкан.

Мектептин имараты 450 орунга ылайыкталып, жалпы 160 млн сомго курулган. Мектептин эски имаратынын курулганына 85 жыл болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE