Таласка Олимп оюндарынын катышуучулары келди

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 22-августта Талас шаарына Парижде өткөн Олимпиада оюндарынын катышуучулары келди.

Талас ОИИБдин имаратына Париж Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Мээрим Жуманазарова, коло медаль ээлери Айсулуу Тыныбекова, Үзүр Жусупбеков, Жоламан Шаршенбеков жана Бекзат Алмаз уулу, машыктыруучулар келишти.

Балбандарды Талас ОИИБдин башчысы Азенбек Козукеев тосуп алып, ХXXIII жайкы Олимпиада оюндарында алган медалдары менен куттуктады. Алардын беттешке чыккан учурларынын бардыгы Талас ОИИБдин LED-экранынан түз эфирде көрсөтүлгөндүгүн айтты. Өздүк курам спортчуларды түз эфирде колдоого келген жарандар менен биргеликте дем берип тургандыгын белгилеп, ошол учурда тартылып алынган кадрларды көрсөттү. Спортчулар өзгөчө эмоцияларды тартуулап, жаштарга стимул болгондугун айтып өттү. Ошондой эле аларга белектерди тапшырды.

Соңунда спортчуларга Талас ОИИБдин жаңы имаратында түзүлгөн шарттар, спорт зал көрсөтүлдү.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, спортчулар машыктыруучулар жана ата-энелери менен чогуу «Манас ордо» комплексинине келишти. 300дөй өспүрүм Манастап ураан чакырып, атчан жигиттер тосуп алышты. Андан соң Манастын күмбөзүнө зыярат кылып, Куран окушту.

Пример HTML-страницы

Учурда Талас шаарынын стадионунда спортчуларга концерт тартууланып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️