Талас шаарынын аймагынан эски шаардын калдыктары табылууда

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас облусундагы Талас шаарында эски шаардын калдыктары табылууда. Бул тууралуу Turmush басылмасына эколог Гамал Соронкулов билдирди.

Маалыматка караганда, Талас өрөөнүндө орто кылымга таандык шаарлардын бири азыркы Талас шаарынын аймагынан орун алган. Араб, фарсы маалыматтарында Текабкет шаары деп баяндалат. Бул шаардын орду Талас шаарынын 3 км түндүктө, Талас суусунун оң жээгинде жайгашкан.

«Бул байыркы шаарлардын урандыларынын аймактары көбүнесе көрүстөн болуп кеткен. Бул көрүнүш биздин бай тарыхыбыздын эстеликтери жок болуп кетүү коркунучун туудурганы ачуу чындык. Бул жерде тарыхый экспонаттар башкача айтканда, чептин калдыктары, дубалы жана колдонгон буюмдары сыртка чыгып, табылып жатат.

Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү ушул маселеге дыкат көңүл буруп, тарыхый жерлерди сактоо аракеттерин ишке ашырса жакшы болмок», — деди эколог Гамал Соронкулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️