Пример HTML-страницы

Талас шаарындагы музыкалык мектеп 5 млн сомдон ашык акчага оңдолуп жатат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushТалас шаарындагы А.Огомбаев атындагы балдар музыкалык мектебинин имараты 5,4 млн сомдон ашык каражатка оңдолуп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган имараттын ички жасалгасынын эскилиги жетип, оңдоп-түздөөгө муктаж абалга келген. Имараттын ичи оңдолуп, концерттик залдын отургучтары жаңыланууда. Ал үчүн Талас облусун өнүктүрүү фондунан жана жергиликтүү бюджеттен 5 млн 449 миң 246 сом каралган.

  • Оңдоо иштерин «МРАМОР» курулуш компаниясы» ЖЧКсы жүргүзүп жатат. Бул компания 2022-жылы 7-сентябрда кайра каттоодон өткөн. Түзүүчүсү жана жетекчиси катары Исаев Ренат Зоотбекович көрсөтүлгөн. Ишкана имараттарды куруу менен алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE