Пример HTML-страницы

Талас шаарындагы балдарга каналдарга, дарыяларга барып сууга түшпөө керектиги эскертилди

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushТалас шаарында балдардын сууга чөгүп кетишин алдын алуу үчүн көрнөк-жарнактар илинди. Бул тууралуу Талас ОИИБден кабарлашты.

Маалыматка караганда, өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында мэриянын кызматкерлери, Талас ШИИБдин инспекторлору менен биргеликте балдар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Анда балдарга ата-энесинин көзөмөлүсүз көлмөлөргө, дарыяларга барбоо керектиги айтылып, сууга түшүүгө кооптуу деп табылган жерлерден оолак болууга чакырышты.

Былтыркы жылы Талас шаарынан сууга чөгүп кетүү фактысы катталган эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE