Талас шаарында түндө жүргөн өспүрүмдөр аныкталы, ата-энелерине айып пулдар салынды

Талас шаарында түндө жүргөн өспүрүмдөр аныкталы, ата-энелерине айып пулдар салынды Акыркы жанылыктар

TurmushТалас шаарында мэрия, милиция, социалдык коргоо бөлүмү, салык кызматы, экотехинспекция, социалдык педагогдор тарабынан «Кароосуз калгандар» аталышындагы рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, рейддин алкагында жер төлөлөр, түнкү убакытта себепсиз көчөдө жүргөн жаш балдар, соода-сатык дүкөндөрү, түнкү клубдар, компьютердик оюн-зооктор текшерилди. Натыйжада 4 өспүрүмдүн ата-энелерине Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протоколдор толтурулуп, айып пулдар салынды.

МындайрейддерТалас облусунун аймагында өтүп жаткан 2 айлык акциянын алкагында мындан ары дагы улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️