Пример HTML-страницы

Талас шаарында кымыздын баасы кымбаттады

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushТалас шаарында 1 айдан бери кымыз сатыкка чыгып, алардын баасы былтыркы жылга салыштырмалуу кымбат болууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы сатуучулардан маалымат алды.

Сатуучулардын бири Ырыскан Мендиярованын айтымында, азыр кымыздын 1 литри 150 сомдон сатылып жатат.

«Былтыркы жылы бул учурда кымыздын 1 литри 130 сом болчу, быйылкы жылы 150 сом болуп жатат. Биз бул кымыздарды абдан баалап жасайбыз. Атайын саамал десе, жаныбызга сүт алып келип, аралаштырып беребиз. Ал эми мындай күн ысыкта сүттү сактап отуруу кыйын. Кымызды болсо, 20 литрдей көрөңгө деп коёт, эски кымыздан алып коебуз дагы, үстүнө жаңы сүт куюп, аябай жанчып, чалып, түнү менен ачытып коебуз. Эртең менен сатыкка чыгарабыз.

Азыр кымыз Беш-Таш, Кең-Кол, Каракол деген жайлоолордон келип жатат. Кымызды тандап ичкендер бар. Билип ичкени болот. Алар уйдун сүтү кошулса, суу кошулса билип коюшат. Андай кымыздарды 120 сомдон сатып алып кетип калып жатышат. Кымыз билбегендер арзан деп ала берет. Ал эми биздикин атайын кымызды билип баалагандар гана ичишет», — деди а

Ден соолук үчүн бээнин жаңы саалган сүтү, саамал жана кымыз колдонулат. Бээнин сүтү жана кымыз менен дарылоо май айынын ортосунда башталып, июлдун орто ченине, Үркөр жылдызы чыкканга чейин улантылат.

Көрөңгөсүнүн (кымыздын ачыткысы көрөңгө деп аталат, ал жакшы бышылган кымыздан калтырылат) көлөмүнө, ачыткан убактысына жараша кымыздын күчтүүлүгү ар кандай болот. Көрөңгөсү көп жана көпкө турган кымызда спирттин деңгээли жогору болуп, ал эми жаңы сүт кошулган кымыз жеңил келет.

Буга чейин май айынын аягында Нарын шаарында кымыздын литри 200 сомдон сатылып жатканы кабарланган.

Ал эми Ат-Башы районунун борборунда кымыздын 1 литри 160 сомдон сатылып жатканы белгилүү болгон.

Июнь айынын аягында Түп районунда Каркыра жайлоосунан алынып келген кымыз менен саамал 180 сомдон сатылып жатканы маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE