Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Талас шаарында көп кабаттуу үйдүн короосуна видеокамера орнотулду

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас шаарынын Нуржанов жана Киров көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн короосуна видеокамера орнотулду. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери коомдук тартипти коргоонун, калктын саламаттыгын жана адептүүлүгүн сактоонун, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун конституциялык ченемдерине ылайык, менчигинин түрүнө карабастан имараттарды жана курулмаларды сырткы видеобайкоо тутуму менен милдеттүү түрдө жабдуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Ошондой эле Талас ШИИБдин кызматкерлери тарабынан видеокамералар боюнча шаар тургундарына сунуштар айтылды. Бул аракеттер кылмыштуулукту болтурбоо жана алдын алуу максатында жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE