Талас шаарында ипотекага 310 батирлүү үйлөр салына баштады

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБүгүн, 17-июль күнү Талас шаарында ипотекалык көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 310 батирлүү үй Талас шаарындагы Тынчтык конушунун аймагына курула турган болду. Батирлер 4 жана 8% менен 25 жылга чейинки убакытка берилет.

«Тынчтык Ордо» турак жай комплексине унаа токтотуучу жайы менен 5 кабаттуу 10 үй курулат Бул үчүн Талас облустук өнүктүрүү фондунан 250 млн сом, Талас райондук өнүктүрүү фондунан 148 млн сом, ал эми Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 50 млн сом, (жалпы 448 млн сом) акча бөлүнгөн. Үйлөрдүн толук курулуп бүтүшү үчүн өнүктүрүү фонддорунан дагы акча бөлүнүп турат.

Аталган комплекс жалпы 2,16 гектар жер аянтын ээлеп, 5 кабаттан турган 10 үйлөрдө жалпы 310 батир болот. Батирлердин 80 даанасы 1 бөлмөлүү, 160 даанасы 2 бөлмөлүү, 70 даанасы 3 бөлмөлүү болот. Ошондой эле унаа токтотуучу жайына 100 унаа батышы мерчемделген. Турак жай комплексинин курулуш иштерин «Кыргызстройсервис» мамлекеттик ишканасы жүргүзөт.

«Тынчтык Ордо» турак жай комплексинин курулушуна капсула салуу иш-чарасына президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев, облус башчысы Нурлан Дардаңов баш болгон жетекчилер катышты.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️