Талас шаарында Эл аралык карылар күнүнө карата карыяларга сый көрсөтүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 1-октябрь Эл аралык карылар күнүнө карата, Талас шаарында Талас облусунун карыларына арналган майрамдык сый тамак уюштурулду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чарага президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Талас шаарынын мэри жана облус аймагынан 165 улуу муундун ѳкүлдѳрү, 55 жылдан ашык чогуу жашаган үлгүлүү түгѳйлѳр катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө карыларга майрамдык концерттик программа тартууланып, сый тамак берилди.

1-октябрь Эл аралык карылар күнү. Бул күндү 1990-жылы БУУнун Баш катчылыгы расмий майрамдардын катарына киргизген.

Карылар күнүн белгилөөнүн максаты – дүйнө коомчулугунун улгайган адамдардын көйгөйлөрүнө жана алар муктаж болгон нерселерге көңүлүн бурдуруу, карыялардын коомчулукка керек экендигин түшүндүрүү аркылуу аларга колдоо көрсөтүү.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️