Талас шаарында балдардын инженердик-техникалык академиясынын жаңы имараты ачылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 11-октябрь күнү Талас шаарында Билим берүү жана илим министрлигинин Талас облусундагы «Алтын түйүн » улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын филиалынын жаңы имаратынын ачылды.

Маалым болгондой, окуу жайдын имараты Катар мамлекетинин кайрымдуулук фонду тарабынан курулган. Ачылыш аземине Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакулов баш болгон жетекчилер, Жогорку Кеңештин депутаттары катышты.

Буга чейин 2023-жылдын январь айында Талас шаарынын мэриясы шаарда балдардын инженердик-техникалык академиясынын филиалы иштеп жатканын кабарлаган.

2022-жылдын ноябрь айынын аягында Талас шаарындагы №5 орто мектептин базасында «Алтын түйүн» улуттук балдардын инженердик-техникалык академиясынын филиалы ачылган. Анда шаар аймагындагы гана эмес, жакынкы айыл-кыштактардан келген окуучулар ийримдерге катышып, билим ала баштаган.

Филиалды мектепке жайгаштыруу үчүн Талас шаарынын мэриясынан, тактап айтканда жергиликтүү бюджеттин эсебинен 498 миң 751 сом бөлүнүп, тендерди уткан курулуш фирмасы аркылуу оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн. Окуу бөлмөлөрүнүн коопсуздугу үчүн терезелер темир тор менен калкаланып, полго линолиум төшөлүп, эшик-каалгалар жаңыртылды.

Окуучулар роботторду курап, 3D заманбап жабдуулардын жардамы менен уюлдук телефон коюучу тирөөч буюмдарды жана башка күнүмдүк тиричиликке керектүү буюм-тайымдарды жасай башташкан.

Пример HTML-страницы
  • 2021-жылы 1-сентябрда президенттин жарлыгы менен «Алтын түйүн» улуттук балдардын инженердик-техникалык академиясына улуттук макамы берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️