Талас шаарында балдар арасында баскетбол боюнча мелдеш өттү

TurmushБүгүн, 16-мартта Талас шаарында өспүрүм балдар арасында баскетбол боюнча мектеп лигасы өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, мелдеш Нооруз майрамына карата уюштурулду. Ага Талас шаарынын №1, №2, №3, №5, №6, Манас ата Сапат лицей, чет тилдер лицей комплексинин окуучулары катышты. Жыйынтыгында 3-орунга №1 мектептин командасы, 2-орунга Сапат лицейинин командасы, ал эми 1-орунга №2 орто мектебинин командасы ээ болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️