Пример HTML-страницы

Талас шаарында 8,7 млн сомго жасалган Манастын эстелиги ачылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 21-март күнү Талас шаарында Нооруз майрамы белгиленүүдө, деп билдирди аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, президенттин Талас ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов жана жергиликтүү тургундар катышты.

Иш-чаранын алкагында Талас шаарынын борбордук аянтында Манастын айкелинин ачылышы өтүп, Нооруз майрамына арналган концерттик иш-чара тартууланды.

Учурда улуттук тамак-аш жана айыл чарба көргөзмөсү өтүүдө.

Буга чейин белгилүү болгондой, эстеликтин көчүрмөсү 2017-жылдын август айында Түркиянын Стамбул шаарына, дагы бир үлгүсү КРдин Түркиядагы элчисинин демилгеси менен Анкара шаарына тургузулган.

Айкелдин бийиктиги 12 метрди (өзү 6 метр, постаменти менен 12 метр), жалпы наркы 8,7 млн сомду түзөт. Аны алып келүү жана постаментин даярдоо, орнотуу иштерине демөөрчү фонддон 1 млн 160 миң сом каралган.

Айкелдин авторлору КРдин эл сүрөтчүсү, скульптор Садабек Ажиев жана скульптор Токталы Мурзакаримов.

2017-жылы Түркиянын Стамбул шаарында Манастын эстелиги орнотулган.

Эстелик шаардын Халич районунда орнотулган.

Анкара шаарында орнотулган айкел.

Ал эми Бекмолдо айыл өкмөтүндөгү Б.Сарногоев атындагы маданият үйүндө кыз-келиндер арасында кароо-сынак уюштурулду.

Мындан тышкары Бекмолдо айыл аймагынын шайыр апалары тарабынан сүмөлөк жасалып, айыл тургундарына тартууланды.

Ат оюндар өткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE