Талас шаарында 3 завод курулат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushТалас шаарында биринчи жолу өндүрүш багытында 3 завод курулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, шаарда бир асфальт завод, бир темир-бетон завод жана кум-шагыл чыгаруучу завод салынат. Бул боюнча президент Садыр Жапаров тапшырма берип, Талас шаарын өнүктүрүүгө 1 млрдсомдон ашык каражат бөлүнгөн.

Талас шаарынын мэри Эрмат Жумаев тажрыйбалуу адистерди издеп, Кытайга барып сүйлөшүп, 12-июлда өндүрүшчүлөрдү Таласка алып келди. Кытайлык өндүрүшчүлөр менен меморандумга кол коюлду. Алар заводдорду жана Талас шаарынын паркына 8 аттракцион куруп берүүнү убадалашты. 3 завод ачылса100 дөн ашык жумушчу орундар пайда болот. Жыл этегине чейин Талас шаарындагы паркта аттракциондор иштеп калат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️